Ссылки доступа

Алматыда 17 бажы кызматкери соттолду


Алматынын райондор аралык соту коррупцияга айыпталган 17 бажы кызматкерине карата өкүм чыгарды.

Расмий ЖМКлар айыпталуучулар «узак мөөнөттөргө» cоттолгонун жазышты.

Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Былтыр февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети Алматы облусундагы бажы бекеттерде атайын операцияларды жүргүзүп, 16 миң доллар жана төрт миллион теңгеден ашык акча алынганын кабарлаган.

Өткөн жылы ноябрда аталган облустагы бажы бекеттеринде иштеген сегиз кызматкер коррупция иши боюнча үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушкан.

XS
SM
MD
LG