Ссылки доступа

Дубайды багынткан анжияндык бийчи Болливудда тасмага тартылды (видео)


Анжияндык бийчи жана актриса Одина Умрзакова Болливудда киного тартылган алгачкы өзбек актрисасы болуп калды. Жакында эле ал индиялык жаңы тасмада башкы каармандын ролун аткарды.

Анжияндык belly dance (курсак бийи) бийчиси Одина Умрзакова акыркы 15 жылдан бери Дубайда жашайт. Ал жакта жогорку даражадагы өзбек улутундагы адамга турмушка чыккан. Учурда ал өзүнүн бийлери менен Бириккен Араб Эмираттарында гана эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгышта таанымал. Бийчи концерттери менен Түркия, Италия жана Англия өңдүү бир катар өлкөлөрдө да болуп келген.

Беш маал намаз окуган Одина аялдардын ачык кийинип жүрүүсүн жактырбайт. Ошол эле маалда өзү жумушуна байланыштуу ачык кийинип бийлөөгө туура келерин белгилейт. «Жарым жылаңач болуп бийлеп жүргөнүм күнүмдүк жашоомо терс таасир этпейт. Буга байланыштуу эч качан коркутууларга да кабылган эмесмин», — дейт бийчи.

Жакында эле Одина Умрзакова индиялык тасмага тартылып, башкы каармандын ролун аткарган. Актрисанын айтымында, ага Индияда жашап, иштеген жагат жана ал өлкөдө калууну каалайт.

XS
SM
MD
LG