“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, ишембилик болорун мектеп директорлору алдын ала билген эмес.
Мугалимдер менен окуучулар протоколдук көчөлөрдүн жээгине түшкөн жалбырактарды чогултуп, жерди жумшартып, шыпырып тазалашкан.
Иш-чара түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Ахалтекин жылкы комплексин" кыдырып, велосипед менен сейилге чыгарга бир күн калганда болгон.
Түркмөнстанда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди жапырт ишембиликке чыгаруу маал-маалы менен болуп турат. Мындан тышкары жазында жана күзүндө жалпы улуттук масштабдагы ишембилик өтөт.