«Кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө айтсам, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгер сотто каршы көрсөтмө берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азырынча андай көрсөтмө жок», - деди Сагынбаев.
Ал экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам долбоору учурда парламентте каралып жатканын, анын жыйынтыгында кол тийбестик маселеси боюнча чечим кабыл алына турганын кошумчалады.
Былтыр октябрдын башында Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин кепилдеген «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп тапкан. Анда палата кол тийбестик алынышы мүмкүн экенин, бирок анын процедурасы импичменттен жеңил болбошу керектигин билдирген.
Кыргызстанда экс-президент макамына Роза Отурбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев революциядан кийин бул макамдан ажыратылган.