Ссылки доступа

Бухарадагы өзбек-британ ишканасынын жумушчулары айлыктарынын жарымын гана алып жатканына нааразы


“Bukhara Cotton Textile”
“Bukhara Cotton Textile”

Бухарадагы «Bukhara Cotton Textile» деп аталган өзбек-британ биргелешкен ишканасынын жумушчулары күнүнө 12 саттан иштеп, айлыктарынын жарымын гана алып жатканына даттанышууда.

Алардын айтымдарында, жумушчуларга эмгек келишиминде көрсөтүлгөн сумманын жарымы гана берилүүдө.

«Бизге эмгек келишиминин көчүрмөсү берилген эмес. Бирок кол коюп жатканда мен айлыгыбыз 2,5 миллион сум (300 доллар) экенин көрүп калгам. Иш жүзүндө азыр 1,2 миллион сумдан (142 доллар) төлөп берип жатышат. 23 пайыздык киреше салыгынан тышкары эч кандай себепсиз эле бизден дагы 800 миң сум (100 доллар) кармап калышууда. Декабрдын айлыгын январдын аягында араң алдык», — деди жумушчулардын бири.

Анын айтымында, мындан тышкары келишимдин эс алуу күндөрү тууралуу жазылган бөлүгү дагы бузулуп жатат. «Ишкананын эмгек келишиминде жумасына беш күн иштеп, ишемби жана жекшембиде, ошондой эле майрам күндөрү эс ала турганыбыз жазылган. Мындан тышкары иш күнү 10 саатташ ашпашы керек. Бирок биз жумасына алты күн жана майрам күндөрү жумушка барып, күн сайын 12 сааттан иштеп жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Компаниянын башкы эсепчиси Шерзод Мирзаев жумушчулардын эмгек укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү «негизсиз» деп атады.

Bukhara Cotton Textile биргелешкен ишканасы өз ишин өткөн жылы баштаган. Анда учурда 700дөн ашык жумушчу иштейт.

XS
SM
MD
LG