Ссылки доступа

Дүйнөнүн эң бай адамы опузага кабылганын билдирүүдө


Жефф Безос
Жефф Безос

Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос National Enquirer журналын басып чыгарган American Media Inc холдинги тарабынан опузалоого кабылганын билдирди.

Анын айтымында, холдингдин өкүлдөрү Безоско кайрылып, эгер ал журналга карата иликтөөсүн токтотпосо, анын интимдик сүрөттөрүн жарыялай турганын билдиришкен. Байлыгы 130 миллиард долларга бааланган Безос учурда жеке адвокат жалдап, National Enquirer журналы анын ойношу менен жеке жазышууларын кайдан жана кандай жол менен алганын аныктоого аракет кылууда.

Жакында эле журнал аталган жазышууларды колдонуп, Жефф Безостун ойношу менен болгон мамилеси тууралуу макала чыгарган. Андан бир күн мурда Безос жубайы менен ажырашканын жарыялаган.

​Amazon ээсинин айтымында, ал иликтөө баштагандыгы тууралуу маалымат аталган холдингдин жетекчиси Дэвинд Пекердин кыжырын келтирген.

XS
SM
MD
LG