Оламафруз Абдуллаев 31-декабрда Магнитогорск шаарындагы үйдүн урандыларынын алдынан сегиз кишини алып чыккан. Ал куткаруучулар келгенге чейин эле адамдарга жардам бере баштагандардын алгачкыларынын бири болгон.
5-февралда Өзбекстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугунда Оламафруз Абдуллаевге өзбек ТИМ башчысынын атынан баалуу белектер берилип, ардак кагазы тапшырылган.
Мындан тышкары «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы ага Екатеринберг — Ташкент багытына бекер билет берген.
2018-жылы 31-декабрда Могнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, 39 киши мерт болгон. Анда Орусиянын Тергөө комитети жарылууга газ себеп болгонун билдирген.