Мекеменин маалыматына караганда, жатаканадагы бөлмөлөрдүн бириндеги кийим-кече жана эмеректер өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр имараттан 11 кишини, анын ичине бир баланы сыртка чыгарышкан.
«Истүү газга ууланып бир үй-бүлөнүн төрт баласы ооруканага жаткырылды. Өрттү өчүрүүгө жеке курамдын 15 кызматкери жана 4 өрт өчүрүү унаасы катышты», — деп билдиришти комитеттин басма сөз кызматынан.
Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын бири-бирине тийишүүсүнөн улам келип чыккан.
Жума күнү Астанадагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө истүү газ тууралуу кабар берүүчү атайын жабдуулар орнотула баштаган. Мындай рейддер Казакстандын башка аймактарында дагы жүргүзүлүүдө.