Ссылки доступа

Фейсбуктун 15 жылы жана өз алдынча робот чогулткан жеткинчектер (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Деталдар: Фейсбуктун 15 жылы жана өз алдынча робот чогулткан жеткинчектер. Фейсбук 15 жылдыгын белгилеп жатат – бул аралыкта социалдык түйүндө кандай өзгөрүүлөр болду? Спортчулардын башынан жаракат албоосуна жардам бере турган тренажерду сынап көрөбүз. Жаңы технологиялардын жардамы менен жаш жеткинчектер өз роботторун чогултууга үйрөнүп жатышат. (Настоящее время)​

- Казакстанда полиция көп балалуу энелердин каршылык акциясына катышкандарды кармап кете баштады. (Настоящее время)

- Өлкөдө кыз ала качуу жөнүндөгү сериалга нааразы болгондор көбөйдү. (Настоящее время)

- Алтынбек Сарсенбаевдин жашоосу менен өмүрү. Оппозициялык саясатчы, мурдагы маалымат министри жана «Ак жол» партиясынын мурдагы теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаевди 13 жыл мурда өлтүрүп кетишкен. Аны эки жардамчысы менен бирге 2006-жылы 11-февралда Алматыда уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин алардын сөөктөрү Алматы облусунун Талгар районунда табылган. (сүрөт баян)

- Астанада Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери көп балалуу үйлөрдү текшерип жатышат​. (Казакстандан видео)​

- Ызгаарда сууга түшкөн тоолуктар. Ушул тапта Нарында кыш чилдеси күчүндө. Бирок сууктан коркпой, шаркыратманын муздак суусуна жуугандар да бар. Алар муну ден соолукка пайдалуу, сергек жашоо образы катары билишет. (Кыргызстандан видео)​

- ЖМКлардагы «негативдүү контентти азайтуу» саясаты. Бул боюнча медиаюрист кандай пикирде? (Казакстандан видео)

- Москвада коммуналдык кызматтын башчысынын орун басары короо шыпырган мигранттын башын жарды. (видео)

- Фигурист Ева: Жеңишке туруктуу эмгек аркылуу жетүүгө болот. (Кыргызстандан видео)​

- Ызгаар сууктагы бекер такси. Казакстандын түндүгүндө катуу суук уланууда. Павлодарлык ыктыярчылар аялдамада автобус күткөн жарандарды бекер үйлөрүнө жеткирип жатышат. (Казакстандан видео)

- «Бийлик сырлары». Айгүл Текебаева Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу. «Бийлик сырлары» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши жана ага балдарынын кандай реакция кылгандыгы жөнүндө айтып берет. Мындан тышкары ал мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамилелерге токтолот. (Кыргызстандан видео)​

- 21 кылымдын кулчулугу: АКШда сойкулуктан кантип куткарышууда? (видео)

- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)

- Жашообузду жакшы жакка өзгөртө ала турган жаңы ойлоп табуулар (видео)

- Кыргызстандагы буддисттердин жалгыз храмында жашаган монах Алексей. (видео Директ)

- Битбоксер Алина. 18 жаштагы Алина Эркулова үч жылдан бери битбокс менен алектенип келет. Спорттун бул түрү жаштар арасында кыйла популярдуу болгону менен, Кыргызстанда кыз-битбоксерлорду кезиктирүү кыйын. (видео Директ)

- Орусияда экономика китебинде патриотизмдин жоктугунан улам ал окуу программасынан алынды. (видео Директ)

- Таштандыдан биогаз алган ишкер​ (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG