Ссылки доступа

Өзбекстанда тарбиячы төрт жаштагы кызды сабаган (видео)


Өзбекстандын Ангрен шаарынын тургуну 4 жаштагы кызын бала бакча тарбиячысы сабаганын билдирүүдө.

Апасы тарткан видеодо кызы тарбиячысы бетке ургандан кийин тиши түшүп калганын айткан.

Апасынын айтымында, 28-январда кызынын колу кан болуп келгенден кийин, бала бакчага барып жетекчилиине даттанган.

Бала бакчанын жетекчилеринин бири учурда бул маселе талкууланып, тарбиячыга сөгүш жарыяланганын жана ал сабалган кыздын апасынан кечирим сураганын айтты.

«Биз бул окуяны карап чыгып, тарбиячыга сөгүш жарыяланды. Ал ата-эненин алдында кечирим сурады. Кыздын тиши өзү эле түшөйүн деп турган экен. Апасы тарбиячы ургандан кийин түшүп калганын айтып жатат. Тарбиячы болсо эч урбаганын билдирүүдө. Чынында кызы өтө эле эрке, анын сүт тиши түшүптүр. Бирок ошентсе да биз анын апасынан кечирим сурадык», — деди ал.

Бирок кыздын апасы тарбиячыга карата көрүлгөн мындай чарага нааразы болууда. «Балдарды урган тарбиячы балдар мекемесинде иштебеши керек. Ал түшүнүк кат жана сөгүш менен эле кутулуп кетип жатат», — деди ал.

XS
SM
MD
LG