Учурда анда 15 тонна капуста, 80 тонна картөшкө жана 40 тонна алма сакталып турат. Борбор Кытайдын жана Өзбекстандын ишкерлеринин колдоосу менен 110 миң долларга курулган.
– Логистикалык борбор электр жарыгы үчүн коммерциялык баада акы төлөп жатат. Биз өндүрүүчү ишкана эмеспиз жана эч нерсе экспорттобойбуз. Эгер сактоо ишканасы үчүн жеңилдиктер болбосо, анда иштөө оор болот», — деп билдирди борбордун жетекчиси Гүлназ Эргешова.
«ЖИА» ассоциациясынын өкүлдөрү бул маселе боюнча парламенттин тиешелүү комитетине кайрылууга ниеттенип жатат.