- “Коопсуз шаарга” кадам ташталды. “Коопсуз шаар” долбоору кантип иштейт, камералар кандай жол эрежелерин бузууну каттайт, айыппулдар автоунаа ээлерине кантип жеткирилет жана бул долбоор боюнча айдоочулардын кабарбы? (Директтен видео)
- Той өткөрүүгө насыя аласызбы? Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүшкөн. Анда Бишкек шаарындагы банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишкен. “Азаттык” аталган акцияга шаар тургундарынын көз карашын билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү. (Директтен видео)
- Рустам: Бут кийимди оңдош үчүн да шык керек. Бишкекте өтүкчүлөрдүн түйшүгү, жашоосу кандай? Биздин каарманыбыз Рустам Жоробаев жыйырма жылдан бери Ош базарында бут кийим оңдоп, үй-бүлөсүн багып келет. (Директтен видео)
- Тажик ардагерлери Ооганстандагы согушту эскеришүүдө. (видео Директ)
- МакКейб: Аң-сезим өзгөрмөйүнчө кыйноо жоюлбайт. Жабык жайлардагы, кылмыш тергөөдөгү кыйноолордун, өлүмдөрдүн санын азайтуу багытында Кыргызстан Түндүк Ирландиянын тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Буга көмөк берип жаткан "Эл аралык түрмө реформасы" уюмунун өкүлү Елена Рысаева жана уюмдун эксперти, профессор Паулин МакКейб “Азаттыктын” студиясына келип Кыргызстандагы абал, кызматташтык тууралуу пикирлери менен бөлүштү. (Кыргызстандан видео)
- Аймактардагы көп балалуу энелердин талаптары. Казакстанда көп балалуу үй-бүлөлөр бийликке талаптарын айтып жатышат. Өткөн дем алыш күндөрү Кызылордо жана Шымкент шаарларынын аткаминерлери жөлөкпулдарды көбөйтүүнү, турак-жай маселесин чечүүнү жана жеңилдиктерди талап кылган аялдарды кабыл алышты. (Казакстандан видео)
- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)
- Деталдар: Фейсбуктун 15 жылы жана өз алдынча робот чогулткан жеткинчектер. Фейсбук 15 жылдыгын белгилеп жатат – бул аралыкта социалдык түйүндө кандай өзгөрүүлөр болду? Спортчулардын башынан жаракат албоосуна жардам бере турган тренажерду сынап көрөбүз. Жаңы технологиялардын жардамы менен жаш жеткинчектер өз роботторун чогултууга үйрөнүп жатышат. (Настоящее время)
- Өлкөдө кыз ала качуу жөнүндөгү сериалга нааразы болгондор көбөйдү. (Настоящее время)
- Алтынбек Сарсенбаевдин жашоосу менен өмүрү. Оппозициялык саясатчы, мурдагы маалымат министри жана «Ак жол» партиясынын мурдагы теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаевди 13 жыл мурда өлтүрүп кетишкен. Аны эки жардамчысы менен бирге 2006-жылы 11-февралда Алматыда уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин алардын сөөктөрү Алматы облусунун Талгар районунда табылган. (сүрөт баян)
- Астанада Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери көп балалуу үйлөрдү текшерип жатышат. (Казакстандан видео)
- Ызгаарда сууга түшкөн тоолуктар. Ушул тапта Нарында кыш чилдеси күчүндө. Бирок сууктан коркпой, шаркыратманын муздак суусуна жуугандар да бар. Алар муну ден соолукка пайдалуу, сергек жашоо образы катары билишет. (Кыргызстандан видео)
- ЖМКлардагы «негативдүү контентти азайтуу» саясаты. Бул боюнча медиаюрист кандай пикирде? (Казакстандан видео)
- Москвада коммуналдык кызматтын башчысынын орун басары короо шыпырган мигранттын башын жарды. (видео)
- Фигурист Ева: Жеңишке туруктуу эмгек аркылуу жетүүгө болот. (Кыргызстандан видео)
- Ызгаар сууктагы бекер такси. Казакстандын түндүгүндө катуу суук уланууда. Павлодарлык ыктыярчылар аялдамада автобус күткөн жарандарды бекер үйлөрүнө жеткирип жатышат. (Казакстандан видео)
- «Бийлик сырлары». Айгүл Текебаева Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу. «Бийлик сырлары» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши жана ага балдарынын кандай реакция кылгандыгы жөнүндө айтып берет. Мындан тышкары ал мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамилелерге токтолот. (Кыргызстандан видео)
- 21 кылымдын кулчулугу: АКШда сойкулуктан кантип куткарышууда? (видео)
- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)
- Жашообузду жакшы жакка өзгөртө ала турган жаңы ойлоп табуулар (видео)
- Битбоксер Алина. 18 жаштагы Алина Эркулова үч жылдан бери битбокс менен алектенип келет. Спорттун бул түрү жаштар арасында кыйла популярдуу болгону менен, Кыргызстанда кыз-битбоксерлорду кезиктирүү кыйын. (видео Директ)
- Орусияда «Ачууланган энелердин жүрүшү» болду. (видео Директ)