Аялдын каза болгондугу тууралуу билдирүү маалымат базаларына былтыр октябрда киргизилип, ага пенсия берилбей, банк эсептери жабылып, медициналык камсыздоо полиси жокко чыгарылган.
Прокуратура кызматкерлери былтыр августта Усолье-Сибирское шаарында медиктер ал аял менен аты-жөнү окшош башка адамдын өлүмүн каттаганын аныкташкан.
Прокуратура сотко кайрылгандан кийин Братск шаарынын тургунунун өлгөндүгү тууралуу маалыматы жараксыз деп табылып, жокко чыгарылган. Эми анын конституциялык укуктары толугу менен калыбына келтирилди.
Учурда Усолье-Сибирское шаарынын полициясы чынында эле каза болгон аялдын тек-жайын аныктоо иштерин баштады.