Басылма бул маалыматты ырастаган сандар өлкөнүн Айыл жана суу чарба министрлигинин баяндамасында жазылганын жана ал документ редакциянын карамагында бар экенин билдирүүдө.
Маалыматка караганда, былтыр өлкөдө 450 миң тонна пахта жыйналган. Бирок түркмөн өкмөтү 17-декабрда расмий түрдө 1 миллион 99 миң 236 тонна ак була жыйналганын жарыялаган. Буга чейин өлкө жетекчилиги 1 миллион 50 тонна пахта чогултуу планын койгон болчу.
Басылма кабарлагандай, 2018-жылы буудай боюнча мамлекеттик план 30 гана пайызга аткарылган. Белгиленген 1,6 миллион тоннанын болгону 538 миң гана тоннасы жыйналган.
Түркмөнстанда айдоо жерлери толугу менен мамлекеттин менчигинде. Аларды ижарага алган дыйкандар бийликтин көрсөтмөсү менен пахта жана буудай гана өстүрүшөт.