Ссылки доступа

Эгизбаевдин сыйлыгы ээсин тапты (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Исаков: Коррупциялык иштерди иликтеш керек. Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлык 34 жаштагы Ыдырыс Исаковго ыйгарылды. (Директтен видео)

- Эгизбаевдин сыйлыгы ээсин тапты. Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды. (Директтен видео)

- Уланбек издеген чындык өчпөйт. Бүгүн журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. "Азаттык" радиосунун иликтөөчү тележурналисти тирүү болсо бүгүн, 12-февралда 29 жашка чыкмак. Ал былтыр, 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезинде мезгилсиз кайтыш болду. (Директтен видео)

- Жолчунун иши машакаттуу. Кара жанды карч уруп, күн-түн дебей иште жүргөн жолчулардын иши кыш мезгилинде кычайт. Айрыкча кар тынбай жааган убакта алар үй бетин көрбөй калат. Кычыраган суукта тоңуп тайгак жолго шагыл себүү алардын милдети. Бирок мындай түйшүктүү жумуштун айлыгы да жарытпайт. (Директтен видео)

- Футбол чемпиондорун чыгарган айыл. Жаш-карысы топ тепкен Баткендин Кара-Дөбө айылынан чыккан чемпиондор таржымалы. Мамлекеттин жүгүн көтөргөн тубаса көзү азиз Гүлназ Жүзбаеванын коомду шыктанткан жаратмандыгы. (Директтен видео)

- «Коопсуз шаар». Алгачкы күн. (Кыргызстандан видео)

- «Биз талап кылабыз». Энелер акциясынын хроникасы. Астанадагы өрттөн бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болгондон кийин Казакстандын аймактарында көп балалууларга социалдык жардамды күчөтүү талаптары айтылды. (Казакстандан видео)

- Азия 360: Каракол – кыргыз Швейцариясы. (Настоящее время)​

- Храмдагы космос музейи: дин менен илимди айкалыштырууга болобу? (Настоящее время)

- Тажик бийлиги турак-жай үчүн жаңы салык киргизди. Эми батирлер мындан дагы кымбаттайт. (Настоящее время)​

- "Жөлөкпулдар жашоого жеткидей болсун": Казакстанда энелердин нааразылыгы уланууда. (Настоящее время)

- МакКейб: Аң-сезим өзгөрмөйүнчө кыйноо жоюлбайт. Жабык жайлардагы, кылмыш тергөөдөгү кыйноолордун, өлүмдөрдүн санын азайтуу багытында Кыргызстан Түндүк Ирландиянын тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Буга көмөк берип жаткан "Эл аралык түрмө реформасы" уюмунун өкүлү Елена Рысаева жана уюмдун эксперти, профессор Паулин МакКейб “Азаттыктын” студиясына келип Кыргызстандагы абал, кызматташтык тууралуу пикирлери менен бөлүштү. (Кыргызстандан видео)

- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)

- Ирандагы революция кантип шахты, андан кийин революция жасагандардын өзүн жеңген? (Инфографика)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)

- Ооганстандын жаңы мууну талибдер жөнүндө кандай ойлошот?(сүрөт баян)

- Өлкөдө кыз ала качуу жөнүндөгү сериалга нааразы болгондор көбөйдү. (Настоящее время)

- Алтынбек Сарсенбаевдин жашоосу менен өмүрү. Оппозициялык саясатчы, мурдагы маалымат министри жана «Ак жол» партиясынын мурдагы теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаевди 13 жыл мурда өлтүрүп кетишкен. Аны эки жардамчысы менен бирге 2006-жылы 11-февралда Алматыда уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин алардын сөөктөрү Алматы облусунун Талгар районунда табылган. (сүрөт баян)

- Ызгаарда сууга түшкөн тоолуктар. Ушул тапта Нарында кыш чилдеси күчүндө. Бирок сууктан коркпой, шаркыратманын муздак суусуна жуугандар да бар. Алар муну ден соолукка пайдалуу, сергек жашоо образы катары билишет. (Кыргызстандан видео)​

- ЖМКлардагы «негативдүү контентти азайтуу» саясаты. Бул боюнча медиаюрист кандай пикирде? (Казакстандан видео)

- Ызгаар сууктагы бекер такси. Казакстандын түндүгүндө катуу суук уланууда. Павлодарлык ыктыярчылар аялдамада автобус күткөн жарандарды бекер үйлөрүнө жеткирип жатышат. (Казакстандан видео)

- «Бийлик сырлары». Айгүл Текебаева Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу. «Бийлик сырлары» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши жана ага балдарынын кандай реакция кылгандыгы жөнүндө айтып берет. Мындан тышкары ал мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамилелерге токтолот. (Кыргызстандан видео)​

- Венесуэла үчүн гуманитардык жардам: учурдагы абал. Колумбия-венесуэла чек арасынан репортаж. (видео Директ)

- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)

- Путинизмдин башкы идеологдорунун бири Владислав Сурков деген ким? (видео Директ)

- Венесуэладагы кош бийликтин 20 күнү: Мадуро менен Гуайдо эмне кылып жатышат? (видео Директ)

- Ирандагы ислам революциясынын хроникасы. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG