Айыпталуучулардын туугандарынын айтымында, мурдагы облус башчысынын иши сотто январда эле карала баштап, буга чейин 6 отурум өткөн. «Бул иште жашыруун мамлекеттик сырлар болгондуктан, сот жабык өтүп, адвокаттар гана киргизилип жатат. Азыр эч кандай маалымат жок. Адвокаттар эч нерсе айтып бере албай жатышат», — деди айыпталуучулардын туугандарынын бири.
Маалыматтарга караганда, беш айыпталуучунун экөөсү үй камагына чыгарылган.
Тураб Жураев менен Самарканд облустук акимчилигинин дагы төрт кызматкери былтыр июлда кармалган. Ноябрдын аягында Башкы прокуратура алардын ишин сотко өткөрүп, мамлекеттик мүлктү уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу, пара алуу, кылмыштуу жол менен табылган акчаларды адалдоо айыптары тагылган.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Самарканд облустук акимчилигинин беш аткаминери 2017-2018-жылдары 2 миллион доллардан ашык суммада пара алышкан.
Анда облус башчысы, Олий Мажлистин сенатору Туробжон Жураев $1 850 000 өлчөмүндө пара алганы жана бул акчалар далил катары анын сейфинде табылганы жазылган.