Ссылки доступа

Казакстанда Кытайдан келген казактарга жардам берген топтун башчысы жоопко тартылууда


12-февралда Алматынын райондор аралык соту мекенине кайтып келүүнү каалаган кытайлык казактарга укуктук жара каржылык жардам берүү менен алектенген «Атажұрт еріктілері» уюмунун башчысы Серикжан Билашка каршы козголгон административдик ишти карай баштады.

Иштин материалдарына ылайык, Кытайдагы казактарды мекенине алып келген Серикжан Билаш «Мыйзамдагы тартиптер менен катталбаган коомдук, диний биримдиктердин ишмердүүлүгүнө катышуу жана алардын ишмердүүлүгүн каржылоо» беренеси боюнча айыпталууда.

Отурумдун жүрүшүндө Серикжан Билаш мындай айыптоолор менен макул эмес экенин айтты. Ал «Атажұрт еріктілері» - ыктыярчылар тарабынан түзүлгөн социалдык түйүндөгү тайпа экенин, алар Шиңжаңда басымга кабылып жаткан казактарга тилектештик көрсөтө турганын белгиледи. Билаштын айтымында, бул топго каалаган колдонуучу кошулуп, кайра чыгып кете алат. Тайпанын катышуучуларына алардын мүчө экендигин ырастаган эч кандай документ берилбейт. Андыктан «Атажұрт еріктілері» тобун толук кандуу уюм деп атоого болбойт.

Серикжан Билаш буга чейин Алматыда бир нече жолу туугандары Кытайда мажбурланып кармалып турган казактардын маалымат жыйындарын уюштурган.

XS
SM
MD
LG