«Европа өлкөлөрү мурдагыдай эле Орусия тараптан Крымдын аннексияланышына каршы. Москванын аракеттери Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуп, дүйнө коопсуздугуна коркунуч жаратууда», — деп жазылган ЕБ өлкөлөрүнүн Украинадагы абалга арналган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө.
Бириккен Улуттар Уюму дагы Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишимдери жыйынтык бербегенин мойунга алууда. Уюмдун баш катчысынын жардамчысы Мирослав Енча төрт жыл мурда түзүлгөн келишимдин «көпчүлүк бөлүгү аткарылбай жатканын» билдирди. Анын айтымында, Украина чыгышындагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары «мурдагы активдүүлүгүн жоготуп, негизги тараптар макулдашууга келүүнү каалабай жатышат».
2014-жылдан бери Украина чыгышындагы жаңжалдардан үч миңден ашык жай тургун мерт болуп, 9 миңден ашык киши жабыркаган. Мындан тышкары Луганск жана Донецк облустарынын бир жарым миллион тургуну качкын болгон. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Урсула Мюллер билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы Донбасстын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 162 миллион доллар талап кылынат.
Күн мурун Коопсуздук кеңештин жыйынында БУУ Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн биргелешкен фонд түзгөнү айтылган. Фонд өкмөт, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан туран донорлордун жергиликтүү гуманитардык аракеттерди колдоо үчүн акча салуусуна мүмкүндүк берет.