Ссылки доступа

«Коопсуз шаар»: Эреже бузган жөө адамдарга дагы айыппул салынат


Бишкекте инспекторлор жолду туура эмес жерлерден кесип өткөн жөө адамдарга 1000 сомдон айыппул салат. Бул тууралуу 13-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Рысканов билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн инспекторлор планшеттерди колдонуп, жарандын тек-жайын жеринде аныкташат. Учурда мунун механизми дээрлик иштелип бүттү.

12-февралда Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулду.

Камералар эреже бузуулардын жети түрүн каттайт.

Жалпысынан долбоор 4 этапка бөлүнгөн. Анын алкагында Бишкектин 38 көчөсүнүн кесилишине камераларды, 4 стационардык аппараттык-программалык комлексти, ошондой эле Чүй облусу боюнча 48 стационардык аппараттык-программалык комлекс жана 20 көчмө аппараттык-программалык комлекс орнотуу каралган.

XS
SM
MD
LG