Ссылки доступа

Азия: Тажикстан кар туткунунда калды (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: Тажикстан кар туткунунда калды. Калың жааган кар менен кар көчкүлөрү Тажикстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырган жолду жаап, миңдеген автоунаалар тыгында калышты. Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылында энеси эки баласы менен өрттөнүп кетти, коңшулары ал өзүн өрттөгөн болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Ооган согушуна катышкан советтик аскерлердин эскерүүлөрү. (Настоящее время)

- Кыргызстанда энеси менен эки баласы өрттөн каза болушту. (Настоящее время)​

- Самаркандда Кол өнөрчүлөр ассоциациясынын имаратында өрт чыкты. (Өзбекстандан видео)

- Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү боюнча депутаттардын сунуштары. (Казакстандан видео)

- Бишкекте «Коопсуз шаар» иштей баштады. Эми шаарда кандай жүрүү керек? (Настоящее время)

- Өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган мектептеги сабактар. Түндүк-Казакстан облусунун Явленка айылындагы мектепте үч айдан бери жылуулук берилбейт. Учурда ар бир класста электр жылыткычтары сайылган. (Казакстандан видео)

- Азия 360: Каракол – кыргыз Швейцариясы. (Настоящее время)​

- "Жөлөкпулдар жашоого жеткидей болсун": Казакстанда энелердин нааразылыгы уланууда. (Настоящее время)

- Казынадан “качкан” 6 миллиард. Кыргызстанда 2018-жылы республикалык бюджетке 6 миллиард 633 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды. Кирешесинен чыгашасы көп бюджетке эмне себептен мынча каражат түшпөй калды? “Азаттык” түшүндүрөт. (Директтен видео)

- Көмүр ташыгандардын көрүнбөгөн түйшүгү. Ушул тапта Кара-Кечеде көмүр күткөн оор жүк ташуучу автоунаалар шурудай тизилип турат. Айдоочулардын алды кээде үч сутка бою кезек күтүүгө аргасыз. Көмүр ташыгандар арасында автоунаанын ичине темир меш орнотуп, чай кайнатып ичкендер да бар. (Директтен видео)

- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)

- Ирандагы революция кантип шахты, андан кийин революция жасагандардын өзүн жеңген? (Инфографика)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)

- Өлкөдө кыз ала качуу жөнүндөгү сериалга нааразы болгондор көбөйдү. (Настоящее время)

- Алтынбек Сарсенбаевдин жашоосу менен өмүрү. Оппозициялык саясатчы, мурдагы маалымат министри жана «Ак жол» партиясынын мурдагы теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаевди 13 жыл мурда өлтүрүп кетишкен. Аны эки жардамчысы менен бирге 2006-жылы 11-февралда Алматыда уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин алардын сөөктөрү Алматы облусунун Талгар районунда табылган. (сүрөт баян)

- ЖМКлардагы «негативдүү контентти азайтуу» саясаты. Бул боюнча медиаюрист кандай пикирде? (Казакстандан видео)

- Ызгаар сууктагы бекер такси. Казакстандын түндүгүндө катуу суук уланууда. Павлодарлык ыктыярчылар аялдамада автобус күткөн жарандарды бекер үйлөрүнө жеткирип жатышат. (Казакстандан видео)

- «Бийлик сырлары». Айгүл Текебаева Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу. «Бийлик сырлары» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши жана ага балдарынын кандай реакция кылгандыгы жөнүндө айтып берет. Мындан тышкары ал мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамилелерге токтолот. (Кыргызстандан видео)​

- Ашхабад: кармалган жолбун иттер каякка жеткирилет?​ (видео)

- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)

- Ай-Петринин жаңы ээлери ким? «Орус дүйнөсү» Ай-Петридеги бизнести өлтүрдү. Аннексияга чейин ал жер туристтер үчүн мекке, ал эми ишкерлер үчүн эң ыйгайлуу жай болчу. Азыр болсо Ай-Петри бош жатат. (видео Директ)

- Москва: кармалган украин деңиз аскерлери камакта калтырылды. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG