Ссылки доступа

Башкы прокурор: карыздан кутулуш үчүн электр баасын көтөрүүгө туура келет (видео)


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо үчүн алынган насыяны төлөө үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-февралда парламентте ЖЭБдин айланасындагы кылмыш иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты.

«Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет. Эгерде 386 млн. доллар насыя алууда техникалык экономикалык негиздеме түзүлсө, анда бул маселелер талкууга алынмак. Бирок 2013-жылы жеке адамдын кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгына өйдө болуп, кыска мөөнөттө ЖЭБди оңдоо аракеттеринен улам кыргыз мамлекети чоң өлчөмдө насыя төлөөгө дуушар болду», — деди ал.

Кийинчерээк депутат Аида Исмаилова өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча план жөнүндө сурады. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн тарифтер боюнча орто мөөнөттөгү планы аяктагандыгына байланыштуу жазында жаңы план даярдала турганын айтып, анда тарифтерди жогорулатуу каралбаганын белгиледи.

Кыргызстан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн 2014-жылы Кытайдын Эксимбанкынан 386 миллион доллар насыя алган. Бул суммага борбордун 30% жакыны жаңыланган. Өлкө пайыздары менен кошо банкка кайра 492,4 миллион доллар кайтарып бериши керек.

2025-жылга чейин кыргыз тарап бул насыянын пайыздарын гана төлөйт. Насыянын мөөнөтү 2034-жылга чейин.

XS
SM
MD
LG