АКШда өзгөчө абал киргизилиши мүмкүндүгү тууралуу маалыматты Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс дагы ырастады. «Президент дубал тургузуп, чек араны жана биздин улуу өлкөбүздү коргойм деп берген убадасын аткарып жатат», — деп жазды ал Твиттерге.
Буга чейин демократтар менен республикачылар түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча алдын ала макулдашууга келишкени айтылган. Бул кезектеги шатдаунду – өкмөттүн ишинин токтошун алдын алыш керек болчу.
Анда чек араны тосууга 1,5 млрд. доллар бөлүү ыктымалдыгы белгиленген. Трамп дубалдын курулушуна 6 млрд. доллардын тегерегинде сурап жатат.
Трамп 25-январда өкмөттүк мекемелер бир айдан азык убакытка созулган «шатдаундан» кийин кайрадан иштей баштаганын билдирген.