Ссылки доступа

Астана чет өлкөлүк укук коргоочуларды Киевге депортациялады


Астана аэропорту

Адам укуктары боюнча италиялык федерациянын эки байкоочусу, украин жарандары Людмила Волошина менен Валерий Явтушенко бүгүн Астанадан Киевге депортацияланды. Казак бийлиги алар миграциялык мыйзамдарды бузганын билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, Адам укуктары боюнча италиялык федерациянын байкоочулары 14-февралда Астанада кармалган. Алгач Волошинаны өздөрүн миграциялык полициянын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар мейманканадан кармап кетишкен.

Кийинчерээк дагы бир байкоочу — Валерий Явтушенко кармалганы белгилүү болгон. Полиция Явтушенко бараткан адвокат Төлөгөн Шаиковдун автоунаасын токтотуп, байкоочуну полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Бул учур тартылган видео кийин «Фейсбук» социалдык түйүнүнө жарыяланды.

«Кайгуул полициясы аны миграциялык полиция бөлүмүнө алып кетти. Ал кармалган адам болбогондуктан, полициячылардын аны автоунаадан чыгууга мажбурлоого укуктары жок болчу. Алар анын кайсыл мыйзамды бузганын айтышкан жок», — деди Шаиков.

Түнкү саат бирге жакын Валерий Явтушенкону башка мигранттар менен чогу сотко алып барышкан. Бирок ал жакка барган украин консулдугунун кызматкерлери залга киргизилген эмес. «Консулду биздин жараныбызга киргизбей коюшту. Бул Дипломатиялык байланыш тууралуу Вена конвенциясын одоно бузуу болуп эсептелет. Биз Украина жараны менен көрүшүүгө мүмкүндүк берилбегендиги үчүн атайын нота даярдап жатабыз», — деди Украина элчилигинин консулу Иван Алмаши.

Украина консулун кармалган укук коргоочуларга киргизбей коюшту:

Консула Украины не допустили к задержанным правозащитникам
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Жума күнгө караган түнү Астананын администравтидик соту Людмила Волошина менен Валерий Явтушенкону депортациялоо өкүмүн чыгарды. Анда Украинанын жарандары Казакстанга «ишкердик сапар менен» келгенин айтканы менен, бирок бирдиктүү маалымат системасында алардын максаты «жеке сапар» катары көрсөтүлгөнү жазылган. «Явтушенко Казакстанга адам укуктары боюнча миссиянын ишмердүүлүгүнө катышуу үчүн келгендигин ырастаган документтерди көрсөткөн эмес. Ал бул фактыны сотто дагы четке каккан жок», — деп жазылган өкүмдө.

Адам укуктары боюнча италиялык федерациянын өкүлү Максим Сытниковдун айтымында. Волошина менен Явтушенко 15-февралда Актау шаардык сотунун судьясы Малик Кенжалиев менен жолугу керек болгон. Ал укук коргоочуларга кайрылып, «бийликти басып алуу чакырыгы» боюнча айыпталган Айгүл Акбердиевага карата актөө өкүмүн чыгаргандан кийин куунутукка кабылганын билдирген.

Видео

Видео

Паспортуңуз партияларга эмне үчүн керек?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00
XS
SM
MD
LG