Ссылки доступа

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда


Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине «Милдеттүү нике килишимин киргизүү» беренесин кошууну сунуштады. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ортодо нике келишимин түзбөгөн жуптар Жарандык актыларды каттоо органдары тарабынан каттоого алынбайт.

Буга чейин жергиликтүү адистер Үй-бүлөлүк кодексти кайрадан карап чыгып, милдеттүү нике келишимин киргизүүгө убакыт келип жеткенин билдиришкен. Алардын пикиринде, мындай жол менен үй-бүлөлүк мамилелерге үчүнчү тараптардын кийлигишүүсүнөн арылууга болот.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жакынкы сурамжылоонун жыйынтыктарына таянып билдиришкендей, респонденттердин 41,5% милдеттүү нике келишиминин киргизилишин колдой тургандыктарын айтып, бул жаштардын үй-бүлө курууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышына түрткү болорун билдиришкен. Сурамжылоого катышкандардын 36,5% нике келишиминин болушу жубайлардын ыктымал ажырашуусунан кийинки маселелердин жаралышынын алдын аларын айтышкан.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы өлкөдө 311,4 жуптун 219у нике келишим түзгөн.

XS
SM
MD
LG