Ссылки доступа

Cotton Campaign өзбек пахтасына бойкот жарыялоону улантат


Эл аралык Cotton Campaign (Пахта кампаниясы) коалициясы АКШга барган өзбек делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгында  мажбурлап иштетүү өнөктүгү толугу менен токтотулганга чейин өзбек пахтасына бойкот жарыялоону улантууну чечти.

Cotton Campaign коалициясынын өкүлдөрү февралдын башында Вашингтондо Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева баштаган делегация менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөр учурунда Cotton Campaign Өзбекстанда мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча кабыл алынган чараларды жогору баалаган. Ошол эле маалда мажбур эмгек күчүн колдонууну жоюу үчүн дагы көп иш жасалышы керек экени белгиленген.

Эл аралык Cotton Campaign (Пахта кампаниясы) коалициясына эмгек жана укук коргоо уюмдары, инвесторлор, бизнес-уюмдар кирет. Ал 2010-жылы балдар эмгеги колдонулганына байланыштуу өзбек пахтасына бойкот жарыялаган.

Акцияны жүздөн ашык дүйнөлүк бренддер – Nike, Zara, GAP, Levi's, H & M, UNIQLO жана башкалар колдогон.

XS
SM
MD
LG