Ссылки доступа

Ашхабад полициясы аялдардын айдоочулук күбөлүгүн алып коюуда


“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, Ашхабадда полиция аял айдоочуларды токтотуп, ыксыз шылтоолор менен айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюуда.

Маалыматтарга караганда, 18- февралда айдоочу аялды токтоткон полиция кызматкерлери анын “жол аптечкасы” талапка жооп бербей турганын, ичинде анальгин жана димедрол жок экенин айтып, айдоочулук күбөлүгүн алып коюшкан.

“Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүүлүк шарты менен маек берген полиция кызматкеринин билдиришинче, “жогору жактагылардын көрсөтмөсү менен протоколдук көчөлөрдө аялдардын автоунаа менен жүрүүсүнө тыюу салынган”.

​“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, 18-февралда айыппул төлөөчү жайга 90-120дай автоунаа жеткирилген. Жабырлануучулар полициянын аракети – аялдарды машине айдоодон баш тарттырууга багытталган деп эсептешүүдө.

Маалыматтарга караганда, буга чейин Ашхабадда укук коргоо органдарында иштеген аялдардын жеке автоунаа пайдаланышына тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG