Ссылки доступа

Өзбекстанда окуучулардын мугалимдер тарабынан сабалышы текшерилет (видео)


Өзбекстандын Навои шаарындагы маданият мектебинин эки мугалимине окуучуларды жапырт сабагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Журналисттердин колуна тийген видеодо катарга тизилип турган ондон ашык окуучуну өспүрүм бала муштум менен уруп жатканын көрүүгө болот.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя Навои шаарындагы маданият мектебинде болгону аныкталган. Күбөлөрдүн айтымында, видеону окуучулардын бири жашыруун түрдө тартып алган.

«Видео жатаканадагы эшиктердин бири сынган күнү болгон. Балдарды сабап жаткан өспүрүм жатакананын башчысы. Сулаймон Кучкаров аттуу тарбиячы аны колдонуп, эшикти ким сындырганын аныктагысы келген», - деди күбөлөрдүн бири.

Аталган мектептин директору Голиб Сатторов видеодогу окуя алардын мектебинде болгонун ырастады. «Бул окуя былтыр 14-октябрда болгон. Мен ага катышкандардын бардыгы менен сүйлөшкөм. Балдарды уруп жаткан өспүрүм жогорку курстун студенти, жатакананын башчысы. Сабалгандар болсо 2-курста окушат. Аларга кол көтөргөндөргө тиешелүү чаралар көрүлдү», — деди Сатторов.

Бирок күбөлөрдүн бири сабалган студенттер мындай жазага ыраазы болбогонун билдирүүдө. «Жатаканада мындай окуялар дээрлик күн сайын болуп турат. Окуучулардын мектеп жетекчилигине даттанганынан эч кандай өзгөрүү болбой келет», — деди ал.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин өкүлү Навоидеги мектептин жетекчилиги бул окуяны министрликтен жашырып койгонун билдирди. «Белгиленген эрежелерге ылайык, мектеп окуучулардын сабалгандыгы жөнүндө министрликке кабар бериши керек болчу. Мен бул тууралуу биринчи жолу угуп атам. Биз бул маселени сөзсүз териштиребиз», - деп билдирди министрликтин өкүлү.

XS
SM
MD
LG