Өлкөнүн Коомдук өнүгүү министри Дархан Калетаевдин айтымында, «Миң батир» деп аталган программа Астана, Алматы жана Шымкент шаарлары үчүн иштелип чыкты. «Жарандар ижара акысы үчүн айына 8 миң теңгеден (20 доллар) төлөп, анда үч жыл жашай алышат. Мындай батирлерди берүүдө үй-бүлөнүн жаш курагы жана балдарынын саны эске алынат», — деди министр.
Өз кезегинде парламент депутаттары мындай чаралар жетишсиз экенин айтып, өкмөткө жеткиликтүү ипотека, студенттер менен жаш адистер үчүн жатакана, кызматтык жана социалдык турак-жай өңдүү башка варианттарды дагы карап көрүү сунушун айтышты.
Жалпысынан Астанада турак-жай алуу үчүн кезекте тургандардын саны 45 миңге жакын. Алардын көбү өз алдынча үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок көп балалуу үй-бүлөлөр, пенсионерлер жана жетим балдар.
Астананын «Турак-жай фондунан» билдиришкендей, батир алуу үчүн кезекке тургандар орточо 10 жыл күтүшөт. «Батир алууну каалагандарга караганда турак-жайдын саны кыйла аз. Анан да баары тең борбордо жашоону каалашат. Эгер буга чейин жылына 300дөй батир пайдаланууга берилип келсе, быйыл 730 батирди колдонууга берүү пландалууда», — деди фонддун директору Нурсулу Кожахметова.
Казакстанда социалдык турак-жай менен камсыз кылуу жана балдарга берилчү жөлөкпулду көбөйтүү талаптарын айткан көп балалуу энелердин нааразылык акциялары 6-февралдан бери уланууда. 4-февралга караган түнү Астананын Коктал-1 кичи районундагы жер үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир тууган беш кыздын өмүрү кыйылган. Өрт чыккан маалда алардын ата-энеси жумушта болгон. Бийлик белгисиз себептерден улам бул үй-бүлөнү социалдык турак-жай ала тургандардын тизмесине кошкон эмес. Алар 30 чарчы метр аянтты түзгөн кийинекей үйдө жашап келишкен. Үй меш менен жылытылгандыктан, ал тез эле өрттөнүп кеткен.