Ссылки доступа

Депутат Тазабек Икрамовго сыйлык берүүнүн мыйзамдуулугу текшерилиши мүмкүн


Юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго “Билим берүүнүн мыктысы” сыйлыгынын ыйгарылышынын мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Коопсуздук кеңешине арыз жазды.

Осмоналиевдин айтымында, наам ыйгаруу жөнүндөгү буйрук мыйзамсыз жана Икрамов тармактык комитеттин мүчөсү болгондуктан, тараптардын жеке кызыкчылыгы болушу ыктымал. Юрист бул жагдайга прокуратура укуктук жактан баа бериши керек деп эсептейт.

Буга чейин Билим берүү министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын ыйгарган. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, тармактын бул даражалуу сыйлыгы депутатка "бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келатканы үчүн" берилген.

"Билим берүүнүн мыктысы" - Билим берүү министрлигинин төш белги менен белгиленген даражалуу сыйлыгы. Министрликтин тармактык наамдарды ыйгаруу боюнча жобосуна ылайык ал 20 жылдык үзгүлтүксүз стажысы бар, билим берүүгө өзгөчө салым кошкон педагогго ыйгарылат.

Тазабек Икрамов 1998-2000-жылдары Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында окутуучу болуп иштеген. Тазабек Икрамов - коомчулукта талаш-тартыш жараткан бир катар чакырыктары менен белгилүү депутаттардын бири.

XS
SM
MD
LG