Ссылки доступа

Берни Сандерс АКШдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Берни Сандерс
Берни Сандерс

Вермонт штатынан көз карандысыз сенатор Берни Сандерс 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кайрадан талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу ал жергиликтүү радиостанцияларга интервью берген учурда билдирди.

2016-жылы Сандерс президенттик кампанияга Демократиялык партиянын атынан катышкан. Бирок кийинчерээк Хиллари Клинтонго жол бошотуп берген.

78 жаштагы Берни Сандерс азыркы президент өлкөнү маскара кылып жатканын айтып, аны алдамчы деп атады. Сенатор 2016-жылы сунуштаган идеаларын иш жүзүнө ашырууну көздөп жатканын кошумчалады. Алардын негизгилери – жалпыга жеткиликтүү саламаттыкты сактоо системасын киргизүү, минималдуу эмгек акыны жогорулатуу жана иммиграциялык саясатты реформалоо.

Сандерс расмий түрдө Демократиялык партиянын мүчөсү эмес жана өзүн көз карандысыз талапкер деп эсептейт.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Праймеризге республикачылардан азыркы президент Дональд Трамп, Массачусетс штатынын губернатору Уильям Уэлд катышары болжолдонууда. Демократтардан Нью-Жерсиден сенатор Кори Букер, Конгресс өкүлү Тулси Габбард, Калифорниядан сенатор Камала Харрис жана Массачусетстен сенатор Элизабет Уоррен талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG