Мектептин өкүлдөрү кыздын боюнда бар экенин жакында эле билишкенин айтышты. «Ал кышкы каникулдан кийин сабактарга келбей калды. Алгач анын ооруп жатканын айтышкан, бирок кийинчерээк 5 айлык боюнда бар экени белгилүү болду», — деди мугалимдердин бири.
Кыздын туугандарынын айтымында, ата-энеси анын боюнан алдырууга аракет кылышкан. «Алар кызын жеке клиникаларга алып барышты, бирок кеч болуп калыптыр. Азыр аны Казакстандагы туугандарыныкына жөнөтүп жиберишти», — деди ал.
Мектептин айрым мугалимдери менен кыздын туугандары бийлик «бул ишти жаап-жашырууга аракет кылып жатканын» билдиришүүдө.
Журналисттердин суроолорунан кийин 13-февралда ички иштер жана прокуратура органдары бул ишти иликтөө үчүн Чимбай районуна барышканы белгилүү болду.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 13-февралда кыздын зордукталышы фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.