Ссылки доступа

Түркмөнстан Тажикстандын жүктөрүн өткөрбөй жатат (видео)


Түркмөнстан аймагынан өтө албай жаткан тажикстандык оор жүк ташуучулар зыян тартышууда. Ашхабад транзитке тыюу салуунун себептерин түшүндүргөн жок.

Түркмөнстандын чек арасынан учурда 40тан ашуун жүк ташуучу унаа жана 100 вагон өтө албай турат. Бул тууралуу 20-февралда Тажикстан Транспорт министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Фарид Якубов билдирди. ​

"Глобал Плюс" транспорттук компаниясынын ээси Парвиз Шариповдун айтымында, жүк ташуучу унаалар чек арада көп убакыт туруп калгандыктан зыян тартышууда. “15 күндүк мөөнөт беришет. Эгер өтүп кете албасаң, айыппул төлөйсүң. Ар бир автомобиль үчүн күнүнө 20 доллар, айдоочулардан 10 доллар алышат. Мындан тышкары айдоочуларды тамак-аш менен камсыздайбыз”, – деди Парвиз Шарипов.

Учурда бул компанияга таандык 100дөй автоунаа, анын ичинде 5 фура түркмөн-иран “Сарахс” чек ара бекетинде токтоп турат. “Вижан” бекетинде дагы 40-45тей автоунаа бар.

Десятки фур остаются на границе с Туркменистаном
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

Буга чейин Тажикстандын бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода чек арадан жүктөрдү өткөрүү боюнча Түркмөнстан менен дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG