Тажикстандын төмөнкү палатасы 20-февралда өкмөттөр аралык келишимге кол койду.
Тажикстан чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали “Гиссар-Бабатаг” бекети тажик-өзбек чек арасындагы башка көзөмөл өткөрмө жайларындагы кезекке туруулардын агымын азайтууга шарт түзөт деп эсептейт.
Жаңы көзөмөл-өткөрмө бекети эл аралык макамга ээ эмес. Ал жерден Тажикстан менен Өзбекстандын гана жарандары жана эки өлкөгө таандык транспорт каражаттары өтө алат.
Расмий маалыматтарга караганда, 2018-жылдын март айынан тарта – Тажикстан менен Өзбекстан виза режимин жойгондон бери тажик-өзбек чек арасынан 1 миллион 384 миң киши өткөн.