Ссылки доступа

Түрк актёру Бурак Озчивит Ташкенттеги үй куруу долбоорунун «жүзү» катары тандалды


Белгилүү түрк актёру Бурак Озчивит Ташкенттеги бузулган үйлөрдүн ордуна курула турган «Olmazor city» долбоорунун жарнамасына тартылат. Бул тууралуу аталган долбоорду ишке ашыра турган «Bizning uylar» компаниясынын өкүлдөрү билдиришти.

Долбоордуна 16-февралда өткөн бетачар иш-чарасында түрк актёру «долбоордун жүзү» катары тандалганы айтылды.

Бурак Озчивит бул жарнамага тартылгандыгы үчүн канча акча ала тургандыгы белгисиз. Компания өкүлдөрү мындай маалыматты бере албай тургандыктарын айтышты.

Hürriyet түрк басылмасынын маалыматына караганда, өткөн жылы Озчивит жарнамаларга тартылгандыгы үчүн 3 миллионго жакын түрк лирасын (565 миң доллар) алган.

18-февралда өзбек басылмалары Озчивит олигархтардын жубайлары жана ишкер аялдар менен жолугуу үчүн Ташкентке келгенин жазышкан. Анда түрк актёру 2,5 саатка созулган тамактанууга катышкандыгы үчүн 379 миң доллар алганы кабарланган.

34 жаштагы Бурак Озчивит өзбек коомчулугунда бир катар түрк сериалдарында жараткан ролдору менен белгилүү.

«Olmazor city» 1 миллиард долларга бааланган «Tashkent City» долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын инвесторлорунун бири Ташкенттин башчысы Жахонгир Артыкхожаев экени айтылып жүрөт.

Бурак Озчивит Өзбекстанда жарнамаларга катышкан алгачкы түрк актёру эмес. «Даңазалуу доор» сериалында султан Сулеймандын ролун аткарган Холид Эрганч Гүлнара Каримованын «Guli» деп аталган брендинг коллекциясынын жарнамасына тартылып, анын «GULI VICTORIOUS» парфюмунун жүзү болгон.

Видео

XS
SM
MD
LG