Ссылки доступа

Дарига Назарбаева сөз эркиндиги боюнча рейтингдерге «ишене бербей турганын» айтты


Казакстан парламентинин сенатынын депутаты, өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева түрдүү рейтингдерге, анын ичинде басма сөз эркиндигинин абалына баа берген рейтингдерге көп ишене бербей турганын билдирди.

Мындай пикирин ал «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндиги рейтингинде Казакстандын позициясы төмөндөгөндүгү тууралуу берилген суроого жооп берип жатып айтты.

«Силер биздин өлкөдө сөз эркиндиги жок деп эсептейсиңерби? Кааласаңар бардыгын сындап жазгыла. Бизде социалдык түйүндөр ачык, бардык темада жазып жатышат. Силердин кайсыл рейтинг тууралуу айтып жатканыңарды билбейм», — деди ал.

Дарига Назарбаева рейтингдерге дайыма эле ишене берүүгө болбой турганын айтты. «Аларды ким жана эмне максатта түзүп жатканына жараша болот. Ошондуктан мен бул сыяктуу бардык рейтингдерге сын көз караш менен карайм», — деди ал.

Казакстан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун былтыр апрелде жарыяланган рейтингинде 159-орунга жайгашкан. Бир жылдын ичинде өлкө бир тепкичке төмөндөгөн. Анда уюм 2017-жылдын аягында Казакстанда мыйзамга ЖМКлардын ишин оорлоткон бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG