Ссылки доступа

Түркмөнстан тажикстандык он айдоочуну депортациялады (видео)


Түркмөнстан бийлиги түркмөн-өзбек чек арасына жакын Фароб станциясында буйдалып калган 10 тажикстандык айдоочуга айыппул салып, өлкөдөн чыгарып жиберди.

Февралдын башынан бери Тажикстанга жүк ташыган 40тан ашуун автоунаа жана 100дөй вагон Түркмөнстан аймагынан өтө албай турат. Ашхабад белгисиз себептерден улам транзитке бөгөт койгон.

Саидали Худойбердыев аттуу айдоочунун айтымында, депортацияланган тажикстандыктардын ар бирине 300 доллардан айыппул салынган. Бирок алардын фуралары Түркмөнстандын аймагында калган. “Фороб станциясына Тажикстандын Түркмөнстандагы элчилигинин өкүлдөрү келишти. Бирок дипломаттар биз менен жолуккан жок”, – деди ал.

Десятки фур остаются на границе с Туркменистаном
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

Тажикстан жарандары Түркмөнстанда беш күн каттоосуз жүрө алат. Андан кийин каттоого турушпаса, ар бир күн үчүн айдоочуларга 10 доллар, машинелерге 20 доллар айыппул салынат.

Тажикстандык жүк ташуучулар Түркмөнстан аймагынан февралдын башынан бери өтө албай турушат. Чек арага ондогон фуралар тизилип калды. Түркмөнбашы, Сарахс, Мары, Талимаржан, Амударыя жана Келифтеги станцияларда 108 вагон турат. Вагондорго ар кандай жүк, анын ичинде пахта жана күйүүчү май, мармар таш жүктөлгөн. Ал эми 108 вагондун 29унда алюминий өндүрүшүндө колдонулган кокс бар экени айтылат.

Былтыр август айында да Ашхабад өз аймагы аркылуу фураларды жана вагондорду өткөрбөй койгон. Анда жүздөгөн тажикстандык оор жүк ташуучу автоунаалар иран-түркмөн чек арасында бир айга чейин турууга мажбур болуп, анын себебин түркмөн бийликтери түшүндүргөн эмес. Сентябрда гана Ашхабад фуралар чек арада "коопсуздуктан улам токтотулганын" маалымдаган.

XS
SM
MD
LG