Ссылки доступа

Хожент түрмөсүндөгү тополоңго байланыштуу кылмыш иши Жогорку сотко жөнөтүлдү


Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3 колонияда чыккан тополоңго катышы бар делген 30дан ашуун кишинин иши Тажикстандын Жогорку сотуна жөнөтүлдү.

Хожент түрмөсүндө 8-ноябрда болгон тополоң үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жарадар болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо элүүдөй киши өлгөнүн кабарлашкан.

Тополоңдун катышуучуларына “Киши өлтүрүү”, “Денеге оор залал келтирүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “Түзөтүү абагындагы режимди бузуу” деген айыптар тагылууда.

Бул арада соттолуучулардын айрымдарынын туугандары кылмыш иши боюнча дасыккан адвокаттарды издешүүдө. Бирок жактоочу жалдоого каражаттары жетишсиз. Алардын айтымында, айыпталуучулардын көпчүлүгүнүн күнөөсүн далилдей турган фактылар жок.

Тажикстандын бийлиги тополоңду басуу учурунда террорчулар жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн билдирип жатат.

​ Буга чейин Хоженттеги түрмөнүн жети кызматкери, алардын ичинде абактын жетекчиси Файзулло Сафарзода камакка алынган. Аларга Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылган.

XS
SM
MD
LG