Ссылки доступа

Ташкентте Ислам академиясы хиджапчан кызды окуудан чыгарды


Ташкентте сот 19 жаштагы студент Луиза Муминжонованын Эл аралык ислам академиясынан чыгарылышын туура деп тапты.

Муминжонова 140 сааттан ашык сабак калтырганы үчүн академиядан четтетилген. Студент окуу жайдын жетекчилиги хиджап кийүүгө тыюу салгандыктан, окууга барган эмес. Ал дин тутуу эркиндиги бузулганын, академиянын окууга киргизбей жатышы – мыйзамсыз экенин билдирип, сотко кайрылган.

Сот Муминжонова окуу жайдын ички эрежелерин бузгандыктан академиядан четтилгенин белгиледи.

Эл аралык ислам академиясында жоолук салынууга 2018-жылдын сентябрында тыюу салынган. Жогорку окуу жай хиджап эле эмес, джинсы шым, кыска юбка кийүүгө да уруксат бербейт.

Өзбекстандын Эл аралык ислам академиясы 2018-жылы апрелде президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен түзүлгөн.

Академия ислам тарыхын изилдөөгө, суфизм жана ислам экономикасын окутууга негизделген. Мындан тышкары араб, перси, англис, орус, урду, түрк жана немис тилдерин үйрөтөт.

XS
SM
MD
LG