Документке ылайык, Үй-бүлө кодексинин 16-беренесине толуктоо киргизилет.
Учурда болочок жубайлардын бири психикалык жактан жабыркаса же башка никеси болсо күбөлүк берилбейт. Ошондой эле жакын туугандар, эже-карындаш, ага-ини, асырап алган балдары менен баш кошууга тыюу салынган.
Эми бул тизмеге "эки бир туугандын балдары баш кошо албайт" деген жобо киргени жатат.
Өзбекстанда мыйзам боюнча нике курагы эркектер үчүн 18, кыздар үчүн 17 жаш деп белгиленген.
Кош бойлуу болуп калган же бала төрөлгөн учурларда бул чектөө бир жылга кыскартылат.