Журналисттик аталган басылмага билдиргенине караганда, макамды берүү эрежелеринде ал кайсы бир убакка чейин Кыргызстанга келе албастыгы жана чет өлкөдөгү элчилик, дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрыла албай тургандыгы жазылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабакуловго Фергана.ру сайтына жазган макаласында «улут аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2017-жылы кылмыш ишин козгогон. Бабакулов бул айыпты четке каккан.
Журналист жеке коопсуздугуна байланыштуу ошол эле жылы жайында Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда ал Францияда жашайт.