Ссылки доступа

Казакстан Кыргызстандан картөшкөсүнө чектөөсүн алып салууга даяр


Астанада кыргыз азык-түлүгүнө салынган тыюу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Казакстан тарап чектөөнү алып салууга даяр экенин билдирди.

Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча жол картасына кол коюшту. Документ 17 пункттан турган конкреттүү иш-чаралардын тизмесин камтыйт. Баштапкы пункттар Кыргызстандын фитосанитардык кызматы тарабынан 2019-жылдын февраль айынан июль айына чейин аткарылышы керек.

Билдирүүдө чектөө кайсы күнү алынаары так айтылган жок.

Астанадагы жолугушууларга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген делегация катышууда.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган.

Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул маселе саясатташып кеткенин, Казакстандын тиешелүү мекемесине жана Евразия экономикалык комиссиясына кат даярдап жатканын билдирген. Дыйкандар 200 миң тоннай картөшкө сатылбай турганын айтып чыгышты. Айыл чарба министрлиги болсо бул көрсөткүч 66 миң тоннаны түзөөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG