Хорог шаардык сотунан Жонмахмадовго «административдик мыйзам бузуу» үчүн айыппул салынганын билдиришти.
Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун акимчилигинин басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков жергиликтүү тургун шаардын коммуналдык кызматынын иши жөнүндө туура эмес маалымат таратканын белгилеп, анын сыны негизсиз экенин билдирди. «Облус акимчилиги сындан коркпойт, бирок сын деген негиздүү болушу керек», — деди ал.
Жонмахмадовдун шаар бийлигин сындаган билдирүүсү быйыл февралда Фейсбукка жарыяланган. Ал өзү бул боюнча маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.