Ссылки доступа

Тажикстанда диний партиянын мурдагы мүчөсү мунапыс талап кылууда


Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” 15 жылга соттолгон активисти Наимжон Самиев мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү талап кылууда.

Активисттин уулу Абдурашид Самиевдин айтымында, атасы 9-апрелде чыккан өкүмдү “адилетсиз” деп атап, Согди облустук сотуна доо арыз менен кайрылды.

9-апрелде Согди облусунун Исфара шаардык соту аны ”экстремисттик уюм түзгөн жана жардыргыч зат сактаган” деп айыптап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Сот жабык өткөн.

Самиев “ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо” беренеси боюнча гана күнөөлүү экенин, Тажикстанга өз каалоосу менен кайтканын билдирүүдө. Ал тажик бийлиги мунапыс берет деген үмүттө.

Наимжондун атасы Абубакр Самиевдин айтымында, тажик милициясы 2015-жылы Наимжон Самиевдин Исфарадагы үйүн тинтип, короодон ок табылганын жарыялашкан. Ал укук коргоо органдары окту атайлап жашыруун таштап койгон деп эсептейт.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын Исфарадагы бөлүмүнүн мурдагы башчысы, 56 жаштагы Наимжон Самиев былтыр 1-декабрда Чеченстандын баш калаасы Грозныйда кармалган.

Тажикстандын бийлиги анын кармалышынын чоо-жайын түшүндүргөн эмес. Быйыл февралда Интернетте Самиевдин Москвадан Дүйшөмбүгө өз ыктыяры менен келгенин жана бийликке колго түшүп бергенин билдирген видеосу тараган.

Тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясына 2015-жылы мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын көтөрүлүшүнөн кийин тыюу салган. Партияга «козголоңго катышкан жана бийликти басып алууну көздөгөн» деген айыптар коюлуп, жүздөн ашык тарапкери кармалып, ондогону түрмөгө кесилген. Көп өтпөй Жогорку сот партияны террордук уюмдардын катарына кошкон.

XS
SM
MD
LG