Мекемеден билдиришкендей, аларга Сырдарья облусунун тургуну кайрылып, «Давр» банкы аркылуу ипотека алуу үчүн баштапкы төлөм катары которгон 75 миң сум (9 миң доллар) акчасы курулуш компаниясынын эсебине түшпөй калганын билдирген. Көп өтпөй дагы 20 киши ушундай эле арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган.
ШИИБден билдиришкендей, бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары аталган банктын Учтепа районундагы өкүлчүлүгүнүн эки кызматкери кармалган. Ошол эле күнү аларга расмий айып тагылып, райондук сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы белгиленген.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштерин Ташкент шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.