Ссылки доступа

Италиядагы жол кырсыгында жабыркаган казак жарандары мекенине санавиациянын учагы менен жеткирилет


Италиядагы жол кырсыгында жаракат алган эки казак жараны Алматыга санитардык авиациянын атайын учагы менен жеткирилет. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эл аралык адистердин медициналык корутундусунда бейтаптардын абалы туруктуу оор деп бааланып, аларды саниардык авиациянын жардамы менен жеткирүү зарылдыгы белгиленген.

«Министрлик бейтаптарды алып келүүгө даяр. Бул үчүн санитардык авиациянын атайын учагы даярдалды. Аларды жогорку квалификациядагы медицина кызматкерлери коштоп келет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тогуз казак жараны жабыркаган жол кырсыгы 22-май эртең менен Италиянын Тоскана аймагында болгон. Анда италиялык маалымат каражаттары Сиена — Флоренция магистралы менен бараткан эки кабаттуу туристтик автобус жолдон чыгып, жарга кулаганын билдиришкен. Кырсыктан Орусиянын бир жараны каза болгон.

XS
SM
MD
LG