Ссылки доступа

Парламентте аялдар квотага муктажбы? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Парламентте аялдар квотага муктажбы? Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30% аялдар үчүн резервге коюу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүп, эми жалпы сессияда каралышы керек. Парламентаризм жолун тандаган мамлекет үчүн бул мыйзам канчалык маанилүү? (видео)

- "Манас" Бишкекте кытайча жаңырды. Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады. (видео)

- Шаардык сот Салянованы камакта калтырды. Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованы камакта калтырды. Буга чейин Салянованын адвокаттары экс-ген прокурордун Бишкектеги тергөө абагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган эле. Экс-прокурордун тарапкерлери абакта Салянованын коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканын билдиришүүдө. (видео)

- «Нарын дарыясын изилдөө үчүн тил үйрөндүк». Германиянын Тюбинген университетинин окумуштуулар тобу Нарын дарыясында илимий изилдөө жүргүзүүдө. Алар дарыянын саясий экологияга тийгизген таасири, үмүт менен коркунуч сыяктуу эмоцияларды иликтеп жүрүшөт. Төрт жылга солулган изилдөөнүн жыйынтыгы ушул айдын этегинде чыгат. (видео)

- Ташкентин эң белгилүү символдорунун бири эсептелген оргума бузулду​.(Өзбекстандан видео)

- Азия 360: Самарканд. (Өзбекстандан видео)

- Казакстандагы митингдер ИИМдин жана эскперттердин көзү менен. Расмий маалыматтар боюнча Нур-Султан менен Астанадагы митингдер маалында жалпысынан 700 киши кармалган. (Казакстандан видео)

- Өзбек дипломаттары Кытайдан үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон үчүнчү өзбекстандыкты алып келишти. (Өзбекстандан видео)

- Казакстанда сталиндик террордун курмандыктары көмүлгөн жер табылды. (видео Директ)

- Тажикстанда күчүктөр кантип Нидерландда жашоо укугун алышты? (Настоящее время)

- Хабаровскто тажик бала курдашын өлүмдөн сактап калды​. (видео)

- Тажикстанда экинчи жолу сел жүргөн айылдын тургундары эвакуацияланды.(видео Директ)

- Мигранттардын туугандары: «Которулган акчаларды рубль менен бергиле!».Орусиядагы тажик мигранттар алар которгон акчаларды туугандары Тажикстандын банктарынан рубль менен алып жатышканына нааразы болушууда. (Тажикстандан видео)

- Хорезмде чиновник кол алдындагы жумушчуларды 3-4 күн уйкусуз иштетем деп коркуткан. (аудио)

- Молдова өкмөтү экиге бөлүндү. (Настоящее время)

- Казакстандагы жана дүйнөдөгү интернеттин ылдамдыгы. (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG