Мындай чечим өлкөнүн Башкы прокуратурасы менен Сара Нетаньяхунун катышуусунда 12-июнда кабыл алынды.
Маалыматтарга караганда, премьер-министрдин жубайы 2010-жылдан 2013-жылга чейин ресторандан 175 миң шекель суммага (43 миң евро) кымбат баадагы тамак-аштарга буйрутма берип жеп келген. Буга мамлекеттик бюджеттин акчалары төлөнгөн.
Прокурорлор Сара Нетаньяху тамак-ашка буйрутма берүүдө премьер-министрдин администрациясындагы кызматкерлердин эрежелерди билбестигинен пайдаланган деп эсептешүүдө. Нетаньяху өзү күнөөсү жок экенин айтып, тамак-ашка анын каалоосуна каршы башка адамдар буйрутма берип келишкенин билдирүүдө.