Ссылки доступа

Тажикстанда бүтүрүүчүлөр тест тапшыра башташты


Тажикстанда жүздөгөн бүтүрүүчүлөр үчүн 1-июлда Улуттук тестирлөө борборунда сынактардын биринчи айлампасы башталды.

Тест 90 суроодон турат, ага үч сааттын ичинде жооп берүү керек. Сынактын биринчи күнүндө табигый-техникалык багыттарды тандаган 15 миң абитуриент экзамен берди.

Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн 100 миңден ашуун бүтүрүүчү документ тапшырган, план боюнча алардын 70 миңден ашууну студент болот. Бул жылы 11-класстар менен катар 9-классты бүткөндөр дагы тест тапшыруу укугуна ээ болду.

Улуттук тестирлөө борбору маалымдагандай, абитуриенттер арасында медицина жана укукту тандагандар көп. Бир орунга 500гө чейин бүтүрүүчү талапкер.

Алдамчылык жана коррупциянын алдын алуу үчүн быйыл тестирлөө борборлоруна онлайн-көзөмөл орнотулду. Борбордун жетекчилиги сынак жараяндарын өз телефондору аркылуу байкап турат.

Тажикстанда улуттук тестирлөө 13-июлга чейин уланат. Жыйынтыктары 25-июлда чыгат.

XS
SM
MD
LG