Ссылки доступа

Элчилик Екатеринбургда иш таштаган кыргызстандык айдоочулардын талаптарын угат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Екатеринбургда иш таштаган кыргызстандык айдоочулардын талаптарын угат. Бул боюнча Екатеринбургдагы консулдукка тапшырма берилгенин элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова «Азаттыкка» билдирди.

9-июлда маршруттук каттамдарда айдоочу болуп иштеген кыргызстандык 100дөн ашык мигрант жапырт иш таштаганын билдирген. Алар маянаны көтөрүүнү, эмгек укуктарын коргоону талап кылышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул күнү бир гана кыргызстандык айдоочулар иш таштаганын, ал эми Өзбекстан менен Тажикстандан барып айдоочу болуп эмгектенгендер кадимкидей иштегенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG