Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында эки өлкө өкмөт башчыларынын чакан чөйрөдөгү жолугушуусу башталды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу кенен форматта уланып, VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтөт.
Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди талкуулашат. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
Казакстандын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу айтылды.